А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » М » Майрамбек Осмонов

Текст песни Майрамбек Осмонов "Арман"

Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы?
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.

Менмин деген сулуулар бар,
Жүрөгүм тартпай калды.
Тарсылдап соккон жүрөк,
Айла жок жашка айланды.

Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды?
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.

Жаздыгым жалгыз калды,
Жаштыктанбы же мастыктанбы?
Түз жолдон мүдүрүлдүм,
Шайтандар азгырганбы?
Күндөр өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Неге коштуң бизди, Кудай?

Кайырма:

Кош болгун, карлыгачым,
Ооруба, карыбагын.
Кусалык жанга батты,
Кыйналып сагынамын.
Ажырадың ардагыңдан,
Өкүнүп кайгырбагын.
Турмуштун жолу татаал,
Эмки жолу жаңылбагын.

Кайырма:

Категория: Майрамбек Осмонов | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 93 | Теги: Майрамбек Осмонов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email:
Подписка:1
Код *: