Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Асанова

Текст песни Гүлнур Асанова "Түшүмдө"

Суюлуп жылдыз бириңдеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Айылдын алды эле терең сай,
Ташыган дайра күрүлдөп.
Өзөндү бойлоп келатсам,
Койчу, койчу! Кантем,кантем?
Алдымдан гана чыктың күлүңдөп.

Эзилип сүйгөн жалжалым,
Эсимде сенсиң ар дайым.
Эсенсиз беле жеңе деп,
Ийилип колдон кармадың.
Белегим ушул сизге деп,
Койчу, койчу! Кантем,кантем?
Белестин гүлүн арнадың.

Сыдырым соккон жел менен,
Саамай чачың сеңселет.
Жанымда турсаң буралып,
Жалындайт жүрөк энтигип.
Жароокерсиң түгөнгүр,
Койчу, койчу! Кантем,кантем?
Жаш баладай эркелеп.

Категория: Гүлнур Асанова | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 18 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email:
Подписка:1
Код *: