Главная » Тексты песен » Э » Эмил Балтагулов

Текст песни Эмил Балтагулов "Алып качам, сулуу кыз"

Куржунумду көтөрүп,
Сага келем, сулуу кыз.
Кубулжутуп үн салып,
Ырдап берем, сулуу кыз.

Кайырма:
Чапчыманын белинен,
Аксы, Чаткал жеринен.
Салам алып келе жатам мен,
Ала-Бука элинен.
Алып сени качайын деп,
Кара-Кулжа жеринен.

Жетелешип жайлоого,
Кетеличи, сулуу кыз.
Арча жыттуу мекениме,
Жетеличи, сулуу кыз.

Кайырма:

Чалкып жаткан Чаткалга,
Кетеличи, сулуу кыз.
Терек-Сайдын сууларын биз,
Кечеличи, сулуу кыз.

Кайырма:

Бакыт кушун кармаган,
Болчу менин жубайым.
Ширин, таттуу балдардан,
Берсин бизге Кудайым.

Кайырма:

Категория: Эмил Балтагулов | Добавил: Админ (14.02.2018)
Просмотров: 8 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email:
Подписка:1
Код *: