Главная » Тексты песен » А » Айнура Салахидинова

Текст песни Айнура Салахидинова "Апакем"

Апакебай, майрамыңыз кут болсун,
Ушул күнү үйүңүзгө кут толсун!
Балдарыңыз чогуу болуп сиз менен,
Дасторкондо дүйүм-тамак бүт болсун.

Кайырма:
Жаныңызга тирек болуп атабыз,
Оорубаңыз, дагы көпкө жашаңыз.
Урмат-сыйын неберенин көргүлө,
Баарыбызга тийсин сиздин батаңыз!

Бүт тарттыңар жаш кезекте мээнетти,
Көргүлө эми карыганда дөөлөттү.
Көрбөгүлө жамандыгын балдардын,
Капа кылып, көңүлдөрдү чөгөртчү.

Кайырма:

Тынчтык болсун элибизде ар дайым,
Эл ичинде силер аман болгула.
Кызыңардын арзыбаган каалоосун,
Аз да болсо кабыл алып койгула.

Кайырма:

Категория: Айнура Салахидинова | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 15 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email:
Подписка:1
Код *: