Главная » Тексты песен » А » Абидин Темиров

Текст песни Абидин Темиров "Ала-Тоом"

Өмүр көчүн улап, токтобой,
Мезгил сызат чексиз кыялдай.
Тоо башында бүркүт толгонот,
Тоонун көркүн аяп, кыя албай.

Кайырма:
Кереметтүү аппак Ала-Тоо,
Кылым келет сени эскерип.
Кыргыз үчүн тоодо төрөлгөм,
Түбөлүктүү сенсиң эстелик.

Алыс кетсе эгер урпагың,
Түшкө кирер арча-черлери.
Табияттын ыйык бейиши,
Ким сүйбөсүн кыргыз жеримди?

Кайырма:

Улуу тоолор, ыйык тоолорум,
Өмүрүмсүң менин бүтүндөй.
Жашоого сен кубат бересиң,
Энекемдин аппак сүтүндөй.

Кайырма:

Айланайын аппак тоолорум,
Касиеттүү бийик зоолорум...

Категория: Абидин Темиров | Добавил: Админ (08.02.2018)
Просмотров: 11 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email:
Подписка:1
Код *: